www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Реми Дюфло менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ирригация жана суу чарба инфраструктурасын модернизациялоо, агрардык тармакта сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды жана санариптик чечимдерди жайылтуу, ошондой эле органикалык дыйканчылыкты жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Белгиленгендей, учурда Европа Биримдигинин, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана европалык каржы институттарынын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы наркы 86 миллион евродон ашкан суу чарба инфраструктурасын жаңылоого багытталган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда.

Ошондой эле өткөн жылы Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда суу чарба тармагындагы комплекстүү реформаларды ишке ашырууга багытталган 17 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык макулдашууга кол коюлганы жана анын аткарылышынын жүрүшү сөз болду.

Мындан тышкары, жолугушууда Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Европа Биримдигинин рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселеси каралды.

Бул багытта продукциянын сапатын жогорулатуу, лабораториялык инфраструктураны чыңдоо, эл аралык стандарттарды киргизүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча кызматташууну улантуу маанилүү экени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөө боюнча кийинки кадамдарды белгилеп, практикалык кызматташтыктын жаңы багыттарын аныкташты.

Последние новости