www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтар боюнча, 2023-жылдын январында болжол менен 835 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2%га өскөн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева билдирди.

Анын айтымында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 15%ды, импорт 85%ды түздү.

2023-жылдын январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 268,5 млн АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 9,6%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (60,3%) жана Казакстанга (36,8%) туура келген.

Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 566,2 млн долларды түзүп, 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 43,2%га өстү.

 

Последние новости