www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Албания Республикасынын Биринчи айымы Арманда Бегай үчүн этномаданий программа уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө ардактуу конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана элдик искусствосу тааныштырылды. Алар улуттук маданиятты чагылдырган көркөм чыгармаларга жана салттуу өнөргө күбө болушту.
Мындан тышкары, биринчи айымдар үчүн «Рух-Ордо» маданий борбору боюнча экскурсия өткөрүлүп, анын тарыхы жана экспозициялары менен тааныштырылды.
Этномаданий иш-чара Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегайдын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулду.