www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен илдиришти.

Жолугушууда Садыр Жапаровдун 9-11-июлдагы Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайин Оюун-Эрдэнэнин 25-26-октябрда Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин XXII отурумуна катышуусун уюштуруу маселелери талкууланган.

“Өз кезегинде Айбек Артыкбаев кыргыз тарап жогорку деңгээлдеги өз ара парламенттер аралык жана өкмөттөр аралык сапарларды иштеп чыгууга, ошондой эле Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүүгө даяр экенин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости