www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-августта Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы 100 миң 620 вакцинасы келди. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
«Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакциналарынын күтүлгөн дозасы Кыргызстанга келди, бирок белгисиз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок келген. Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз калкка жардам көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып жаткандардын бардыгы жана билетин алып алгандар (0703) 126 442 телефон номерине чалып, эмдөөдөн өтүү боюнча консультация ала алышат. Калган жарандардан түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», - деди Ишенапысова.
Маалымат үчүн: Pfizer–BioNTech вакцинасы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан өзгөчө кырдаалдарда колдонуу үчүн жактырылган. Анын натыйжалуулугу 95% түзөт. Коргоочу таасири биринчи дозаны алгандан кийин 12 күндөн соң иштей баштайт, бирок толук коргоону камсыз кылуу үчүн эки доза менен эмдөө талап кылынат, ДССУ аларды 21-28 күн аралык менен алууну сунуштайт.
ДССУ COVID-19 инфекциясынын терс кесепеттерин эске алуу менен кош бойлуулук жана бала эмизүү учурунда Pfizer–BioNTech компаниясынын вакцинасын колдонууну сунуштайт. Pfizer–BioNTech вакцинасы мРНК негизинде түзүлгөн, вирустарды камтыйбайт жана адамдын ДНКсына таасирин тийгизбейт. Каршы көрсөтмөлөр: Вакцинанын кандайдыр бир компонентине анафилактикалык реакция. Эмдөөдөн кийин мүмкүн болгон терс таасирлер: ийне сайылган жердин кызаруусу жана оорушу, чарчоо, баш оору, дене табынын көтөрүлүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, бул белгилер 3 күндөн ашык эмес убакытта өз алдынча жоголуп кетет.
Булак: NazarNews.kg