www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Россиядан С-300 зениттик-ракеталык комплекс келет. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Руслан Мукамбетов "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирген.

"С-300 зениттик-ракеталык комплекстерди алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакынкы айларда келери күтүлүүдө. Андан башка да зениттик-ракеталык комплекстерди алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деген ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга С-300 зениттик-ракеталык система жана сокку уруучу пилотсуз аппараттарды алып келүү боюнча келишим түзүлгөнү 2021-жылдын февралында белгилүү болгон.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости