www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда долбоордун каржы маселеси чечилип жатат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда  өкмөт азыр акчаны издеп жатат. Кытай темир жолду Казарманга чейин өзү курам деп, учурда салып келет. Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн азыр Өзбекстан менен бирге акчанын булактары аныкталып жатат. Ушул жылдын май айында президент Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде темир жол курууну сөз кылган. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирген.

Былтыр сентябрда ШКУнун саммиттинде  Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш. Бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости