www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ курал-жаракты көзөмөлдөө кризисин башкаруу системасын түзүү жөнүндө сүйлөшүүдөн мурун багытын өзгөртүп, Кытай менен сый-урматтын негизинде сүйлөшүшү керек. Бул тууралуу "Өзөктүк куралды таркатпоо жөнүндө" келишимин талкуулоо иш-чарасында кытай дипломаты Дин Тунбин айтканын РИА Новости жазды.

"АКШ Кытай менен курал-жаракты көзөмөлдөө механизмдеринин контекстинде диалог аркылуу кризисти көзөмөлдөө деп аталган системаны түзүүгө умтулууда. Мындай практика арабаны аттын алдына койгонго тете. Бул логикалык жактан түшүнүксүз", — деди дипломат.

Тунбиндин айтымында, курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча диалог бир эле тараптын каалоосу менен ишке ашпайт. Ал үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер эске алынышы керек.

"Кошмо Штаттар өз багытын өзгөртүп, башкаларды дагы урматтоо саясатын жүргүзүшү зарыл", — деди адис.

Ошондой эле ал Кытай менен жемиштүү диалогду өнүктүрүү үчүн жагымдуу атмосфера керектигин кошумчалады.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "Бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутуп жиберерин эскерткен.

Буга байланыштуу КЭРдин тышкы иштер министри Ван И Тайвандын Кытай менен толук биригүүсү акыры боло турган нерсе экенин, Кошмо Штаттар аралдын көз карандысыздыгы үчүн кандай гана аракет кылбасын баары текке кетерин кошумчалаган.

Ал эми Кремль Пелосинин сапарын аймактагы чыңалууну күчөткөн провокация деп атаган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну дүйнөнүн бардык өлкөлөрү каттап жатканын айтып, Орусиянын Кытай менен тилектештигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости