www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын элдик боштондук армиясы Тайвандын аймактык сууларына жана аба мейкиндигине жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрүп жатканын 15-августта Кытайдын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Элдик боштондук армиясы Чыгыш аскер округунун командованиеси машыгууларды комментариялоо менен алар "Тайван кысыгына жакын жерде улуттук суверенитетти, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо" үчүн бардык зарыл чараларды көрө тургандыктарын көрсөттү.

Мындан тышкары, Кытайдын Global Times басылмасы кытайлык коргоо кызматкери У Цянга шилтеме жасап, "Элдик боштондук армиясы Тайванга көз карандысыздыкка жетүү аракетин чечкиндүү түрдө басат, ошондой эле чет элдик кийлигишүүгө каршы турат" деп билдирет.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-августта сенатор Эд Марки башчылык кылган АКШ Конгрессинин делегациясы Тайванга эки күндүк визит менен келди. Марктан тышкары Тайванга дагы 4 сенатор келди.

Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы «Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен» жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истрибителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости