www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОго мүчө болгондон кийин Финляндия жана Швеция Орусия менен мамилесинде автономиясын жоготуп, эки тарап тең коопсуздук боюнча дилеммага такалат. Бул туурасында кытайлык Global Times басылмасы жазган.

Басылма НАТОго кирүү эки тарапты тең коопсуздук боюнча дилеммага такаарын жазды. Финляндия жана Швеция коопсуздук чөйрө менен өздөрүн камсыздоого ниеттенип жаткандыгын, бирок алар "жыйынтыгында бир топ эле кооптуулукта каларын" белгилеген.

"Финляндия, Швеция, өзгөчө биринчисинин НАТОго мүчөлүгү Орусия менен автономдуу мамилесин жоготот. Өлкө НАТОго киргенден кийин улуттук кызыкчылыгынан чыгып Орусияга карата өзүнүн саясатын аныктоону уланта алабы? Финляндия менен Швеция расмий түрдө аталган альянска мүчө болгондон кийин алар Орусия менен мамилесин АКШга кылчактап жүргүзүүгө, пассивдешүүгө туура келет. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн анчалык активдешпей калат", — деп айтылган текстте.

Басылманын жазганына караганда, Вашингтон Украина кризисин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн колдонууда. АКШнын максаттарынын бири — Европанын бир бөлүгүн өзүнүн көзөмөлүнө кайтаруу жана глобалдык кызыкчылыгына имерип, каратып алуу.

"Европалык көп мамлекеттер коопсуздук маселесинде АКШнын кызыкчылыгы менен тыгыз байланышта болгондо гана Европа башка тармактарда да АКШ менен компромисске келип турат. Вашингтон "гегемониялык стратегиясынын" алкагында "Европаны кол бала катары колдонот", — деп жазган басылма.

Эске салсак, өткөн жекшембиде Швециянын башкаруучу социал-демократтар партиясы Түндүк Атлантика альянсына кошулууга арыз берүүнү чечкендигин, муну менен катар мүчөлүккө кабыл алуу боюнча чечим чыккандан кийин да өзүнүн аймагында аскер базалары менен өзөктүк куралдарды жайгаштырууга каршы болорун айткан.

Швециянын өкмөт башчысы Магдалена Андерссон НАТОго кирүү швед мамлекети менен элинин коопсуздугу боюнча маселеге оң таасирин тийгизет деп белгилеген. Ошол эле күнү Финляндия да аталган альянска кирүүнү чечкендигин расмий билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости