www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Украинадагы кырдаалга күнөөлүү эмес экенин далилдөөгө аракет кылып жатат. Бирок эл аралык коомчулук Вашингтонго ишенбейт. Бул тууралуу Кытайдагы "Чжунго цзюньван" гезитиндеги макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.
Басылманын баяндамачысы Се Линьлинь Орусиянын НАТОго байланыштуу тынчсыздануусу мыйзам ченемдүү экенин айтып, АКШны мурдагы советтик республикалардын аймагындагы жаңжалдарга негизги "демилгечи" катары айыптады.
"Украина кризиси АКШ өкмөтүнүн "отко май куюусунун" натыйжасы. Анткени АКШ өзүнүн гегемониясын сактап калууга жанталашып жаткан кези. Кошмо Штаттар өзүн күнөөсүз деп көрсөтүүгө аракет кылганы менен ал эл аралык коомчулукту алдай албайт", — деп жазган Линьлинь.
Макалада айтылгандай, АКШ Орусия менен чыр-чатакты тутандырууга кызыкдар. Анткени муну менен Америка Европаны өнөктөш катары Москвага каршы тукуруп, ЕБдин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп алат.
Булак: NazarNews.kg