www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын China Gas Holdings компаниясы америкалык Venture Global менен 20 жылдык келишим түздү. Ага ылайык, Кытай жыл сайын 500 миң тонна суюлтулган жаратылыш газын (СПГ) сатып алат. Алгачкы жеткирүүлөр 2030-жылы башталат.

Жаңы келишим менен Venture Global компаниясынын China Gas алдындагы узак мөөнөттүү милдеттенмелеринин жалпы көлөмү жылына 2,5 млн тоннага жетти.

Бул кадам Кытайдын газ жеткирүү булактарын диверсификациялоо аракетинин алкагында жасалууда. Ошол эле учурда Пекин менен Вашингтондун соода мамилелеринде тарифтик тоскоолдуктар сакталып турат.

Кытайдын СПГ импорту 2025-жылы 68,43 млн тоннага чейин төмөндөп, акыркы 3 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткен. Пекин мындан тышкары түтүк аркылуу келген газга жана кайра жаралуучу энергия булактарына басым жасап жатат.

Venture Global АКШдагы газды суюлтуу кубаттуулуктарын кеңейтүүдө. Компаниянын жаңы долбоорлору ишке кирсе, өндүрүш көлөмү 2030-жылга карата жылына 67 млн тоннага жетиши күтүлүүдө.

Последние новости