www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтон Тайбэй менен бардык расмий байланышты токтотушу керек. Мындай талапты Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь айтты, деп билдирет РИА Новости.
"АКШ Тайвань менен расмий алмашууну токтотушу керек. Кытай мындан ары да күчтүү чараларды көрүп, өзүнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө бекем турмакчы”, - деди Лицзянь.
Дипломат америкалык конгрессмендердин Тайванга визити “бир Кытай” принцибине жана кытай-америкалык биргелешкен үч коммюникеге карама-каршы келерин белгиледи.
Эске салсак, буга чейин АКШ Конгрессинин мүчөлөрүнүн делегациясы Тайванга кыска сапар менен келген, топту республикачыл сенатор Линдси Грэм жетектейт.
15-апрелде америкалыктар Тайвандын администрация башчысы Цай Инвэнь жана министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү менен жолугушмакчы. Анда эки тараптуу мамилелерди жана Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыздоону талкуулоо пландалууда.
Буга жооп кылып Кытайдын Элдик боштондукка чыгаруучу армиясы Тайвань аймагында аскердик машыгууларды өткөрүүнү чечти. Машыгуулар үчүн ПЛА көп максаттуу согуштук патрулдарды уюштуруу үчүн аралга согуштук кемелерди, бомбалоочу учактарды, истребителдерди жана башка күчтөрдү жөнөттү.
Булак: NazarNews.kg