www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай АКШнын бардык товарларына 34%дык жооп тарифтерин киргизүүдө. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, жаңы тарифтер 10-апрелден тарта киргизилет.
"Бул кадам Американын президенти Дональд Трамптын тариф саясатына жооп катары жасалды.
АКШнын аракеттери эл аралык соода эрежелерине туура келбейт. Кытайдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын олуттуу түрдө бузат жана бир тараптуу коркутуулардын типтүү көрүнүшү болуп саналат", - деп айтылат Кытайдын мамлекеттик кеңешинин билдирүүсүндө.
Эске салсак, буга чейин 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга 25%дык бажы тарифтерин киргизүүнү жарыялаган. Импорттук товарларга эң төмөнкү базалык тариф 10% өлчөмүндө болуп белгиленген.