www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Батышты Орусияга каршы мыйзамсыз санкцияларды алып салууга жана отко май тамызууну токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.
"Украинадагы кырдаал боюнча Кытай ок атышууну токтотууга чакырат. Бул үчүн ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү жана каналдарды колдонуп, тараптарга диалог түзүп берүүгө аракет кылууда. АКШ менен Батыш өлкөлөрү тымызын иштерин токтотушу керек", — деди Лицзян.
Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдын Элдик бошотуучулар армиясынын отставкадагы улук полковниги Чжоу Бо Украинадагы россиялык атайын операциянын башталышына НАТОнун Чыгышты карай кеңейүү боюнча саясаты гана себеп болгонун айтып, сынга алган.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg