www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Антиорусиялык санкциялар маселелерди чечпейт, дейт Кытайдын тышкы иштер министрлиги. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы, "Кытай бир тараптуу санкцияларды колдобойт жана аларды колдонуу бардык тараптар үчүн экономикадагы кырдаалды жоготууга гана алып келбестен, саясий жөнгө салуу процессине да тоскоол болот деп эсептейт",- деп билдирди.
Тышкы иштер министрлиги Орусияга каршы санкциялар тууралуу сөз кылып жатып, “Кытай санкцияларды көйгөйлөрдү чечүү жолу катары кабыл албайт, ошондой эле бир тараптуу санкцияларга каршы”,- деп баса белгиледи.
Практика көрсөткөндөй, санкциялар көйгөйлөрдү чечпестен, жаңы көйгөйлөрдү жаратып, эки же бир топ тараптар үчүн экономикадагы кырдаалды саясий жөнгө салуу процессине да тоскоол болуп жатканы айтылган.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги “Кытай менен Орусия тең укуктуулукка жана өз ара пайдага негизделген нормалдуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү уланта берет”,- деп маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg