www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекин Орусиядан Украинадагы атайын операциясын токтотууну талап кыла албайт, бирок ок атышпоо тартибин орнотууну колдойт, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Европа департаментинин директору Ван Лутун.

«Биз ок атышууну токтотууну ар дайым колдоп, салым кошуп келгенбиз. Бул жаңжалдын экинчи күнүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусиянын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү, андан бир нече күндөн кийин Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы өттү. Азыр беш раунд болду, жана биз азыртадан эле кандайдыр бир прогрессти көрүп жатабыз», - деди Ван Лутун.

Ал бул иште Кытайдын ролун ашыкча баалоого болбойт деген пикирди билдирди. «Аскердик аракеттер эгемен өлкөлөр тарабынан кабыл алынган чечим болгондуктан, бул Орусиянын көз карандысыз чечими болгон жана биз Орусияга кайрылып: «Силер бул согушту токтоткула», - деп айтканыбыздан майнап чыкпайт», - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости