www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги үчүнчү дйнөлүк согуш боюнча үн катты

Кытай бийлиги үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына кызыкдар эмес жана Украинанын айланасындагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактайт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбин билдирди.

«Эч ким үчүнчү дүйнөлүк согушту көргүсү келбейт, ал [Орусия менен Украинанын ортосундагы] тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдыруу процессин колдоо керек», - деди дипломат.

Белгилей кетсек, буга чейин Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү өзөктүк согуш эч качан башталбашы керек деген билдирүү кабыл алганын айткан.

«Азыр тобокелдиктер абдан маанилүү. Мен алардын жасалма түрдө көтөрүлүшүн каалабайм. Бирок аны каалагандар аз эмес», - деп жыйынтыктады министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости