www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук госпиталда «Экспресс ден соолук — жаркын саякат» долбоорунун алкагында кытайлык адистердин гуманитардык офтальмологиялык миссиясы аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай Эл Республикасынан келген дарыгерлер Бишкекте катарактаны алып салуу боюнча акысыз операцияларды жасашты. Бул долбоор Кыргызстанда 2023-жылдан бери Улуттук госпиталь менен Ош облустар аралык биргелешкен ооруканасынын базасында ишке ашырылып келет.

Бул миссия квалификациялуу офтальмологиялык жардам көрсөтүү, сокурдуктун алдын алуу жана саламаттык сактоо тармагында гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө. Ушул жылдар аралыгында 1500дөн ашуун кыргызстандык жаран катаракта боюнча акысыз операциядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Последние новости