www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинадагы тирешүүлөр күчөгөндөн кийин Батыш киргизген антиорусиялык санкциялар Европанын стратегиялык автономиясына доо кетирүүдө. Мындай билдирүүнү Кытайдын Синьхуа басылмасы жазды.
«АКШнын президенти Джо Байден Орусияга кысымды күчөтүү үчүн Европага жасаган сапары учурунда энергетика жана аскердик коопсуздук жаатында бир катар сунуштарды ортого салды.
Бирок, Кошмо Штаттар сунуш кылган чаралардын көпчүлүгү өздөрүнүн таламдарына негизделген жана Европанын башында турган проблемаларды чече албайт.
Украинадагы кырдаал курчугандан кийин Европа өлкөлөрүндө пайда болгон энергетика, коопсуздук жана качкындар боюнча кыйынчылыктар аларды стратегиялык автономияга кантип жетишүү жана Американы ээрчигендиктен келечекте пайда боло турган коркунучтардан сактануу жөнүндө ойлонууга түрттү. Ошол эле учурда, АКШ жана ЕБ тарабынан киргизилген ири масштабдуу чектөөлөр экономикага терс кесепеттери жана таасири.
Американын өз союздаштарына карата аракеттери анын лидерлигин жана бийлигин шек туудурду. Европа өлкөлөрү коопсуздук сыяктуу тармактарда мындан ары ага таяна албасын барган сайын түшүнүп жатышат», - деп айтылат макалада.
«АКШ түзгөн альянстын негизги максаты — америкалык гегемонияны сактап калуу — жана Американын турмуштук таламдарына келсек, анын европалык союздаштары «эч кандай жакшылыктарды же сылык-сыпаа мамилени күтпөш керек», — деп корутундулады Синьхуа.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg