www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кансыз согуштун менталитетинин сакталышы сөзсүз түрдө тирешүүгө алып келет, деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэньбинь брифингде сүйлөгөн сөзүндө.
«Кансыз согуштун аяктаганына 30 жылдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, «кансыз согуштун» нөлдүк оюн менталитети дагы эле өкүм сүрүүдө», - деди дипломат.
Анын айтымында, Берлин чеби талкаланганы менен анын идеологиясы калыптанып калган.
«Эгер кансыз согуштун менталитетинен баш тартпаса, анда ал сөзсүз тирешүүнүн отун тутандырып, жаңы кризистерди жаратат», - деп кошумчалады ал.
Ван Вэньбинь ошондой эле, НАТО «кансыз согуштун продуктусу» болуу менен анын бүтүшүн токтотпостон, кеңейүүнү улантып, ал тургай Азия-Тынч океан аймагына чейин жетип, карама-каршылыктарды жаратканын баса белгиледи.
Дипломат белгилегендей, АКШ Украинанын эгемендигин урматтарын жарыялап, ошол эле учурда башка өлкөлөрдүн эгемендигин өзүм билемдик менен бузуп, Тайвань маселесинин тегерегинде спекуляция жасап, Кытайдын ички иштерине одоно кийлигишүүдө.
«Мындай кош стандарттар эл аралык коомчулуктун кеңири каршылыгын жаратууда. Кытай тынчтыктын, диалогдун жана тарыхый адилеттиктин тарабында бекем туруп, тынчтыкты жана сүйлөшүүлөрдү илгерилетүүнү улантат жана эл аралык коомчулук менен конструктивдүү ролду ойноо, украин кризисин саясий жактан чечүүгө көмөктөшүүгө салым кошот”, - деди ал.
Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Украина кризисин саясий жактан жөнгө салуу боюнча Пекиндин позициясын билдирген 12 пункттан турган документтти жарыялаган.
Документте «кансыз согуштун» менталитетинен баш тартуу зарылдыгы, бир өлкөнүн коопсуздугуна башка өлкөлөрдүн коопсуздугунун эсебинен жетишүү мүмкүн эместиги, ал эми региондук коопсуздукту камсыз кылуу согуштук блокторду чыңдоо же кеңейтүү жолу менен мүмкүн эместиги белгиленген.
Бардык мамлекеттердин мыйзамдуу коопсуздук таламдары жана тынчсыздануулары олуттуу түрдө каралышы жана тийиштүү түрдө эске алынышы керектиги айтылган.
Булак: Eurasia Today