www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу качан башталары белгисиз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация жана курулуш комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев  билдирди.

Депутат Улукбек Ормонов темир жолдун техника-экономикалык негиздемесине 1,5 миллиард сом коротулганын белгиледи.

“2022-жылы Кыргызстан тарап 483 миллион сом бөлүптүр. Маршрут, модель жана жалпы чыгым кандай болот? 2023-жыл бүтүп жатса дагы курулуштун качан башталары белгисиз”, — деди ал.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, азыр инвестор изделип жатат.

“Курулуш качан башталарын так айта албайм. Инвестор менен келишим түзүлүшү менен баштайбыз”, — деди аткаминер.

Транспорт министринин орун басары Ырысбек Бариевдин маалыматында, долбоордун наркы 4 миллиард 700 миллион долларды түзөт.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-майда  өткөн өкмөттүн жыйынында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл күзүндө башталарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости