www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу каналына бөгөт коюулду. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун Ноокат районунда  чек арадан мыйзамсыз өткөн жана мыйзамсыз миграция уюштурган чет өлкөлүк жаран кармалды.

Кармалган 67 жаштагы М.Ю. аттуу жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, Ноокат районунда чет өлкөлүк жарандарга  мыйзамсыз миграцияны уюштургандыгы аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (Алып чыгууну) уюштуруу) жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган  жаран камакка алынып,  тергөө иштери улантылууда.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү жана мыйзамсыз миграция уюштуруу кылмыш экендигин, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайын кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын  эскертет. 

Ошондой эле, кандай гана маалымат болбосун дароо кабарлап коюңуздарды суранабыз.

Байланыш телефондору:( 03222) 6-65-22, жана (0550) 128 484.

Последние новости