www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Мирбек Атабеков TikTok социалдык тармагында анын атын колдонуп түз эфирге чыгып жаткан жигитке кайрылуу жасады: 

"Фейктерди эмне кылсак болот? Кантип таап, кантип чара көрсөк болот? Себеби бул адамды аброюна шек келтириши мүмкүн. Биз дагы 15-20 жылдан бери ырдайбыз. Эл алдында кашыктап чогултуп келген эмгегибиз бар. Анан элдин оюн бузган ушундай фейктер да бар. 

Бул тууралуу мыйзам барбы же жокпу органдарга кайрылып, ким экенин таап, мыйзам чегинде толук жоопкерчиликке тартыла турганын эске алалы. 

Антип бирөөнүн атын жамынып, бирөөнүн иши менен алектенип убакытты коротпой, өзүңүздүн атыңыз менен эле чыгыңыз. 

Мага "сиздин сүрөтүңүздү коюп, сиздин атыңызды жазып ырдап жатат" деген сөздөр жетти. Өнөрүңүз болсо эл кабыл алат. 

Эч убакта бирөөнүн аты менен же бирөөдөй болуунун кереги жок. Өзүңүздөр кандай жаралсаңыздар, өз багытыңыз менен кетсеңиз натыйжага жетишесиз", - дейт ырчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости