www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тез татым жайларына 334 миң сом айып пул салынды

Мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл борбору 21 тез татым жайын текшерип чыкты.

Жыйынтыгында укук бузуу боюнча 22 протокол түзүлүп, 334  миң сомго айып пул салынды.

Мекеменин билдирүүсүндө, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына башка тез татым жайларында жеген тамакка ууланган жарандар дагы кайрылган.

Белгилей кетсек, «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларынан сатып алган шаурмага 43 адам ууланган. Бул окуядан кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги тез татым жайларын пландан тышкары текшерүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости