www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун февраль айында Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кытай тарап аскердик-техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, бул маселеде баары кыргыз тараптын муктаждыгына жараша болот. Бул байланыш же техникалык жабдуулар болушу мүмкүн.

«Биз азыр эмне керек экенин карап жатабыз. Кыргызстан менен Кытайдын тиешелүү ведомстволорунун ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Керектүү жабдуулардын тизмеси макулдашылгандан кийин маалыматтар берилет. Бул техникалык жардам болот», — деди Жээнбек Кулубаев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости