www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Кытай Эл Республикасынын гранттык жардамынын алкагында суу чарба тармагына арналган 370 даана атайын техника алат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпиндин жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар атайын техникаларды берүү боюнча келишимге кол коюшту.

Маалыматка ылайык, техникалардын жалпы наркы 148,9 миллион кытай юанын түзөт. Алар ирригациялык каналдарды механикалаштырылган ыкма менен тазалоо үчүн пайдаланылып, өлкөнүн бардык жети облусундагы жана 40 районундагы суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.

Белгиленгендей, долбоор сугат инфратүзүмүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга жана суу чарба тармагын заманбап техникалар менен камсыздоого багытталган.

Последние новости