www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө кытайлык жана америкалык тараптардын ортосунда беш пункттан турган консенсуска жетишилди. Бул тууралуу 19-июнда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин башчысы Ян Тао билдирди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.
Ян Таонун айтымында, биринчиден, тараптар Бали аралында эки мамлекеттин башчылары жетишилген консенсусту биргелешип ишке ашыруу, пикир келишпестиктерди натыйжалуу чечүү жана диалогду, алмашууну жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.
Экинчиден, тараптар алмашууну жогорку деңгээлде кармап турууга макулдашышты. Энтони Блинкен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү жана тышкы иштер министри Цин Ганды АКШга келүүгө чакырды. Цинь Ганг АКШга эки тарап үчүн ыңгайлуу убакта барууга даяр экенин билдирди.
Үчүнчүдөн, тараптар Кытай-АКШ мамилелеринин багыттары боюнча консультацияларды алдыга жылдырууну макулдашты.
Төртүнчүдөн, тараптар эки тараптуу мамилелердин ар кандай маселелери боюнча консультацияларды өткөрүүгө көмөктөшүүнү макулдашышты.
Бешинчиден, тараптар маданий жана билим берүү тармагындагы алакаларды кеңейтүүгө көмөктөшүү, Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуучу авиакаттамдардын көбөйүшүн жигердүү талкуулоо жана студенттерди, окумуштууларды жана ишкерлерди бири-биринин өлкөлөрүнө көбүрөөк чакыруу, тиешелүү колдоо жана ыңгайлуулуктарды камсыз кылуу боюнча макулдашышты.
Булак: NazarNews.kg