www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батышчыл маалыматтарга караганда, Римде түзүлгөн келишим Кытайды Орусиядан бөлүүнүн биринчи баскычы катары саналат. Бирок андай эмес Тайван окуясынан улам АКШ Кытайга көп санкция салган, эми Орусияга санкция жарыялап, АКШнын өзүндө инфляция жогорулап, өлкөнү кымбатчылык каптады. Ошондон улам АКШ Кытайга койгон санкцияларын четинен ала баштады.

Ал эми Орусия АКШнын президенти Байденди баш кылып Коргоо министрин төш кылып санкцияларды жарыялай баштады. Орусия АКШнын санкцияларына жооп катары АКШнын өлкө башчысына, жогорку кызматтагы адамдарына 15-марттан тарта болуп көрбөгөндөй чектөөлөрдү киргизди.

Мындай чечим америкалык гегемонияны сактап калууга абдан аракет кылып жаткан АКШнын азыркы жетекчилигинин орусофобиялык көрүнүшүнө каршы реакция экени маалымдалды.Төмөндө санкцияланган адамдардын тизмеси:

1. Жозеф Байден, АКШ президенти;

2. Энтони Блинкен - АКШнын мамлекеттик катчысы;

3. Ллойд Остин - АКШнын Коргоо министри;

4. Марк Милли - Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы;

5. Джейкоб Салливан - АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы;

6. Уильям Бернс - ЦРУнун директору;

7. Женнифер Псаки - Ак үйдүн басма сөз катчысы;

8. Далип Сингх — АКШнын Президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысынын орун басары;

9. Саманта Пауэр, Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин директору;

10. Хантер Байден - Америка Кошмо Штаттарынын президентинин уулу;

11. Хиллари Клинтон - АКШнын президенттигине мурдагы талапкер;

12. Адевеил Адейемо — финансы министринин биринчи орун басары;

13. Рхета Джо Льюис Экспорттук-импорттук банктын президенти жана директорлор кеңешинин төрагасы.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки АКШ өнөктөштөрү менен бирге Орусиянын экономикасын «толугу менен талкалаганын» айтты. «Ооба, финал чындыгында президент Путин үчүн суроо алдында. Анын экономикасын толугу менен талкалап салдык. Биз украиндерге аскерий жана гуманитардык жардам көрсөтүп, орус жетекчилиги күткөндөн алда канча узак туруштук берүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Ал үчүн келечектеги жол кандай болоорун өзү аныкташы керек», - деди ал.

Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жайкын тургуцндардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген.

Орусиянын Коргоо министрлигинмн куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, ал жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген. Көптөгөн Батыш мамлекеттери Орусияга каршы ири санкцияларды киргизди, биринчи кезекте ал банк секторуна таасир этти. Бир нече дүйнөлүк бренддер жана сервистер өлкөдөгү ишин токтотту.

Менин оюмча, май айынын башында тынчтык жөнүндө келишимге келишибиз керек. Бул тууралуу президент Владимир Зеленскийдин администрациясынын башчысынын кеңешчиси Алексей Арестович журналист Марк Фейгиндин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Орусия менен Украина 1-2 жуманын ичинде, болбосо май айында тынчтык келишимине кол коюшат.

«Менин оюмча, май айынын башында тынчтык жөнүндө келишимге келишибиз керек. Балким андан да эртерээк кол коебуз. Көрөбүз, мен эң кеч убакытты алып жатам. Азыр же 1-2 жумада аскерлерди артка кайтаруу жөнүндө келишим түзүлөт, калганын… Же жакын арада — 1-2 жумада, же дагы бир раунд согушкандан кийин, май айынын соңуна чейин бир пикирге келебиз», - деди Арестович. Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн 4-раунду 14-мартта өткөн.

Орусия Украинадан дээрлик 260 миң кишини эвакуациялады. Орусия Киев бийлигинин катышуусусуз Украинанын кооптуу аймактарынан, ошондой эле Донецк жана Луганск элдик республикаларынан 260 миңдей адамды, анын ичинде 56 миң баланы эвакуациялаган. «Улутчул батальондор жана Киевдин жарандарды чыгарып кетүүгө каршылык көрсөткөн бардык тоскоолдуктарга карабастан, украин тараптын катышуусусуз өткөн суткада Украинанын ар кайсы  кооптуу аймактарынан 11 372 адам, анын ичинен 1873 бала эвакуацияланды. Бардыгы болуп атайын аскердик операция башталгандан бери 258 791 адам эвакуацияланган болсо, анын 56 180и балдар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, бир суткада 1368 жеке менчик унаа Орусиянын чек арасынан өткөн, ал эми атайын операциянын бардык мезгилинде 29 миңден ашуун жеке унаалар Орусиянын аймагына кирген.

Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрүнөн Украинага көбүрөөк аскерий техника жана учак жөнөтүүнү суранды. "Силер бизге кандай курал керек экенин, кандай коргоо каражаттары керек экенин билесиңер, биз үчүн эң маанилүүсү - учак", - деп билдирген Зеленский. Ошондой эле, Зеленский Батыш Киевге бир жумага берген аскердик жардамдын көлөмүн украин армиясы “жыйырма саатта колдонот” деди. "Мен силерге ишенем, силер аскердик техникаларды жардамга берип, жардамдын көлөмүн көбөйтө аласыңар ", - деп кошумчалаган Украина лидери.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости