www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомчулукта белгилүү ырчы-аткаруучу Мухтар Атаналиев, депутаттын "Бош мечиттерди бала бакчага айлантуу керек" деген пикири боюнча социалдык баракчасы аркылуу өз оюн билдирди.
- Ассаламу алейкум! Урматтуу бир туугандарым.
Талкууга түшкөн мечит маселеси боюнча оюмду бөлүшөйүн дедим. Мечит бул жаратуучуга сыйынуучу жер. Биз мектеп, бала бакча, больница темасын айтканда, мечитти кошпой эле коелу. Сөзсүз бала бакча, мектеп, больница курушубуз керек, анда талаш жок .Буйруса экономикабыз өссө, убагында баары курулат. Эми мечитке келсек, бир күндө беш жолу барышка туура келет. Анан көчөнүн этегинде иштесе же жашаса, баш жагындагы мечитке барып келиш үчүн канча убакыт кетет. Ошондуктан, ар бир айылдын чоңдугуна жараша мечиттин көп эле болгону жакшы. Маселе биз мечит салсак эле, бакча салынбай калат же мечитти бакчага бериш керек деген туура эмес түшүнүк. Ар биринин жашоодо өз орду бар. Тескерисинче мечиттен тарбия алган ыймандуу балдар, коомду оңдоп, мамлекеттин акчасын тонобой мектепти да, бакчаны да, больницаны да ошолор салат. Эл ыйманга келгенден бери, жаштардын ичимдиктен арылып, туура жүрө баштаганы кашкайган чындык. Акты ак, караны кара дегенибиз, кудай астында өзүбүзгө да жакшы. Аллах баарыбызга туура түшүнүк, ак жол, жашоодо жеңилдик берсин. Алдыда келе жаткан орозо айын берекелүү кылсын! - деп билдирген Мухтар Атаналиев.
Эске салсак,10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова бош турган мечиттерде бала бакча ачууну сунуштаган.
Айтымында, пандемиядан улам көптөгөн социалдык объектилердин курулушу жана оңдоо иштери бүтпөй келет. Өлкөдө бала бакчалар жетишсиз, аларды курууга бюджетте каражат жетишпейт.
"Кыргыз жергесинде айылдарга мечит салган кайрымдуулук уюмдары бар. Бир айылда бир нече мечит бар, кээ бирлери бош калат. Бул мечиттер билим берүү максатында курулгандыктан бала бакча катары колдонсо болот. Бир айылга бир мечит жетет. Имамдар, тургундар бир мечитке чогулуп турса болот. Ал эми бош мечиттер бала бакча катары ачылса, менимче эл колдойт. Анткени шайлоочулар өздөрү чогулуштарда мындай сунушту айтып жатышат", - деп билдирген депутат Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg