www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Украинадагы согуш боюнча НАТОнун саммитине катышат. Бул тууралуу MIGnews.com жазды. Бул маалыматты НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг тастыктады.

«Мен 24-мартта НАТОнун штаб-квартирасында чукул саммитке чакырдым. Биз Орусиянын Украинага басып киришин, Украинаны бекем колдообузду жана НАТОнун согушка тоскоолдугун, ошондой эле, коргонуу мүмкүнчүлүгүн мындан ары дагы чыңдоону талкуулайбыз», - деди ал. Байдендин айтымында, бул оор учурда Түндүк Америка менен Европа биргелешип иштеши керек.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» экендигин айткан. Бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгы да белгиленген.

Орусиянын Коргоо министрлиги - анын куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР дагы аскерий аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости