www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төртүнчү Кытай-Орус Энергетика Бизнес Форуму Пекин жана Москва шаарларында бетме-бет форматта "Энергетикалык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү биргелешип илгерилетүү үчүн энергетика тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү" деген теманын алдында өттү. Бул тууралуу NazarNews'ка Кытайдын CCTV-plus агенттиги билдирди.
Ачылыш аземине эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун, ошондой эле энергетика ишканаларынын, финансы мекемелеринин, илимий-изилдөө институттарынын жана өндүрүштүк бирикмелеринин 300дөн ашык өкүлдөрү катышты.
Алар Кытай менен Орусия дүйнөнүн негизги энергия өндүрүүчүлөрү жана керектөөчүлөрү катары энергетикалык коопсуздукту, ошондой эле жашыл жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт деп эсептешет. Үстүбүздөгү жылдан бери эл аралык энергетика рыногундагы кескин олку-солкулуктардын шартында эки өлкө тең энергетика тармагындагы кызматташуунун позитивдүү өнүгүү тенденциясын сактап, алардын ортосундагы энергетикалык сооданын туруктуу өсүшүн көрсөтүштү.
Учурда Кытай менен Орусия орусиялык энергетикалык ишканаларга Кытайга инвестиция салуу боюнча көрсөтмөлөрдү берүү үчүн жакыныраак энергетикалык өнөктөштүктү түзүүдө.
Форумда КЭРдин Энергетика боюнча мамлекеттик администрациясынын башчысы Чжан Цзяньхуа орусиялык-кытайлык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалыматтык жана практикалык колдонмо болгон эки өлкөнүн энергетикалык кызматташтыгындагы инвестициялар атласынын кытай версиясын жарыялады.
"Инвестициялык атлас Кытайдын энергетика тармагынын инвестициялык чөйрөсүн, анын ичинде тармактын жалпы абалын, жөнгө салуу саясатын, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү саясатын жана чет элдик инвестициялык саясатын ар тараптуу көрсөтөт. Бул колдонмо бизге кызматташуунун жаңы потенциалын ачууга, жаңы чөйрөлөрдү кеңейтүүгө жардам берет деп ишенем", - деди ал.
Форумда Кытай менен Орусиянын өкүлдөрү ошондой эле түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү, энергетикалык коопсуздукту биргелешип камсыздоо, жашыл жана таза энергетикага өтүүгө көмөктөшүү, күчтүү жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча кеңири жана терең талкууларды өткөрүштү.
Булак: NazarNews.kg