www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пекин абалды жөнгө салуу жолдорун издеген бардык мамлекеттер менен бирге тынчтыкты орнотууда конструктивдүү ролун улантууга даяр экенин белгиледи.

Кытай Россия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн шарт түзүүгө чакырып, ага көбүрөөк мамлекеттердин катышканы оң деп эсептейт. Бул тууралуу шейшемби күнү Кытай өкмөтүнүн Евразия иштери боюнча атайын өкүлү Ли Хуэй маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.

"Эки тараптын ортосунда түз диалогду жандантуу үчүн тиешелүү шарт түзүүгө көбүрөөк мамлекеттердин катышканы жакшы", — деген Ли Хуэй.

Анын айтымында, Пекин абалды жөнгө салуу жолдорун издеген бардык мамлекеттер менен бирге тынчтыкты орнотууда конструктивдүү ролун улантууга даяр.

Эскерте кетсек, Ли Хуэй 28-июлдан 7-августка чейин Бразилия, Түштүк Африка жана Индонезияда болуп, украин кризисин жөнгө салуу боюнча бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Россия Украинада атайын операциясын 2022-жылдын 22-февралында баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин кордугуна кабылган элди коргоо" экенин белгилеген болчу. Анын айтымында, бул үчүн Украинаны "демилитаризациялоо жана денацификациялоо" зарыл. Президент, мындан тышкары, Донбасстын "жай тургундарына каршы кандуу кылмыш жасаган аскер адамдарынын баарын сот жоопкерчилигине тартуу керектигин" билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости