www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш өлкөлөрү тарабынан активдүү талкууланып жаткан орус мунайынын баасын чектөө дүйнөлүк инфляцияга терс таасирин тийгизет, анткени энергия менен камсыздоо чынжырын үзгүлтүккө учуратат. Мындай божомолду "Хуаньцю шибао" басылмасы Кытайдын энергетикалык саясат изилдөө институтунун деканы Лин Боцянге таянып билдирди.
"Баанын бул чеги дүйнөлүк энергия менен камсыз кылуу чынжырын андан ары үзгүлтүккө учуратат жана аларга болгон баалардын өтө туруксуздугун жаратат, бул өз кезегинде дүйнөлүк инфляциянын өсүшүнө жана экономиканын жай калыбына келишине алып келет", - деп болжолдойт эксперт.
Боцян "Орусия менен Батыштын ортосунда күчөп бараткан энергетикалык согуш" эки тарапка тең келерин эскертти. Тактап айтканда, бааны чектөө демилгесин көтөргөндөрдүн орус мунайына альтернативасы жок, ал эми Москва болсо жаңы сатып алуучуларды издеп, жаңы сатуу рынокторун ачууда.
Эске салсак, америкалык JP Morgan Chase банкынын аналитиктери Орусияда өндүрүш суткасына 5 миллион баррелге кыскарган учурда мунайдын баасы бир баррелине 380 долларга жетиши мүмкүн деп болжолдогон. Эгерде G7 Орусиянын энергетикалык ресурстарына чек коюуну чечсе, Москва мындай кадамга бара алат.
Булак: NazarNews.kg