www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын антиорусиялык санкцияларга жооп катары киргизилген каршы чаралары доллардын эл аралык каржы системасындагы абалына олуттуу сокку урду. Бул тууралуу эксперт Гао Дешэн Хуаньцю Шибао гезитине билдирди.

Эксперттин баамында, Орусиянын башка өлкөлөр менен эсептешүүдө рублди колдонууну кеңейтүү чечими Вашингтон үчүн кооптуу кадам болду.

«Орусиянын тышкы карызды рубль менен төлөө жана аларды «достук эмес өлкөлөргө жана региондорго» энергетикалык ресурстарды жана стратегиялык ресурстарды экспорттоодо эсептешүү валютасы катары колдонуу тууралуу билдирүүсү доллардын дүйнөлүк соода жана каржы системасындагы монополиялык абалын солкулдатты. Дүйнө тездик менен доллардан кийинки доорго кирип жатат», - деди Дешэн.

Эксперт белгилегендей, Москва көрүп жаткан чаралардын натыйжалуулугу АКШ менен Батыштын санкциялык саясаты ийгиликсиз болгонун далилдеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости