www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаршемби күнү Кытайдын Элдик боштондук армиясынын Чыгыш командачылыгы Тайванга жакын жердеги аскердик машыгуулардын алкагында коюлган милдеттер ийгиликтүү аткарылганын жарыялады. Бул тууралуу командачылыктын WeChat социалдык тармагынын расмий аккаунтундагы билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.

"Тайвандын тегерегиндеги аскердик иш-чаралардын алкагындагы бардык тапшырмалар ийгиликтүү аткарылды. Бирок Тайвань кысыгындагы ар бир өзгөрүүнү көзөмөлдөп туруу үчүн машыгулар улана берет. Мунун бардыгы мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жасалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, өткөн жуманын башында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Кытай тараптын каршы болгонуна карабай Тайванга барган. Ал 25 жыл ичинде аралга келген эң жогорку даражалуу америкалык аткаминер болуп калды.

Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Ошондой эле, Вашингтон менен климаттын өзгөрүшү боюнча сүйлөшүүлөрдү жана башка кызматташтыкты токтотту.

Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы "Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен" жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.

Натыйжада бейшембиде Кытай армиясы Тайвандын айланасында ири масштабдуу аскердик машыгууларды баштаган. Анда AH-64E Apache тик учактары колдонулду.

Ошондой эле, Тайванга табигый кумду экспорттоого жана аралдан цитрус жемиштерин, балыктын кээ бир түрлөрүн импорттоого тыюу салды. Кытай бийлиги америкалык аткаминердин сапарынын бардык кесепеттери али алдыда экенин жана алар үчүн жоопкерчиликти Вашингтон менен Тайбэй тарта турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости