www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай 2023-жылы “Тайвандын көз карандысыздыгына” каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынынын ачылышынын алкагында жарыяланган өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык планында айтылат.
Пекин "бир Кытай" принцибин бекем сактоого жана 1992-жылдагы консенсуска баш ийүүгө, ошондой эле Тайвань кысыгынын эки жээгинин ортосундагы мамилелерди тынчтык жолу менен өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
“Биз Тайвандын көз каранды эместиги деп аталган нерсеге каршы чечкиндуу курөш жүргүзөбүз жана мекенди кайра бириктирүүгө көмөктөшөбүз”, — деп айтылат документте.
Булак: NazarNews.kg