www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай эл республикасынын Тышкы иштер министри Ваң И Иран-Америка сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккулары кабыл алынгыс экенин билдирди.
Эгемен мамлекеттин лидерин ачыктан-ачык өлтүрүү жана режимди алмаштырууга шыкактоо кабыл алынгыс. Бул аракеттер эл аралык укукту жана эл аралык мамилелердин негизги нормаларын бузат.
Кытай дипломаты үч позицияны сунуштады:
- аскердик аракеттерди дароо токтотуу;
- мүмкүн болушунча тезирээк диалогго жана сүйлөшүүлөргө кайтып келүү;
- бир тараптуу аракеттерге биргелешип каршы туруу.
Орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Ваң И Кытай БУУнун Жобосунун максаттарын жана принциптерин карманарын жана эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы экенин дагы бир ирет баса белгиледи.