www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык коомчулук Ооганстандын убактылуу өкмөтү менен байланышты сактап, инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшүн колдошу керек. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Биз "Талибан"* бийликке кайра келген бир жылдан бери жакшы жагына өзгөрүүлөр болгонун байкадык. Негизи эле алар 1990-жылдары бийликте турган мезгилге салыштырмалуу абдан өзгөрүшүптүр. Албетте, дүйнө коомчулугу бул кыймылга дагы деле абайлап мамиле кылып, чочулап турат. Муну Ооганстан өзү жакшы билет. Андыктан эл аралык коомчулук жаңы бийлик менен мамилени үзбөшү керек", — дешти Кытайдын тышкы саясат ведомствосунан.
Ошол эле учурда Кытай ооган бийлигине элдин, анын ичинде бардык этникалык топтордун, аялдардын жана балдардын негизги укуктарынын сакталышына, террорчулукту алдын алууга жардам берүү керек деп эсептейт.
2021-жылдын август айынын башында "Талибан кыймылы Ооганстан өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барган. Август айынын акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан Батыш жарандары жана алар менен кызматташкан афгандыктар массалык түрдө эвакуацияланган.
"Талибан"* террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциялык тизмесине кирген уюм.
Булак: NazarNews.kg