www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Си Цзиньпин жакында Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын чогуу белгилегенин эске салды.
«Ал эми Бээжин шаарында өткөн кышкы Олимп оюндарынын жүрүшүндө биз достукка негизделген жемиштүү жолугушуу өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү, „Бир алкак, бир жол“ демилгесин биргелешип курууга көмөктөшүү жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөштө кызматташтыкты бекемдөө боюнча кеңири макулдашууларга жетиштик» — деп белгиледи ал.
КЭР төргасы кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын жана эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукту чыңдоо жана өлкөлөр жана эки элдин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кызыкчылыгында кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатууда жалпы күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин баса белгиледи.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишинде бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык жана бакыт каалады.
Булак: NazarNews.kg