www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайлык Global Times (GT) басылмасы Британиянын премьер-министри Лиз Трасстын кызматтан кетүүсүнө баа берди. Макаланын автору анын кызматтан кетишин батыш саясатынын ийгиликсиздигинин үлгүсү деп атап, батыш демократиясы жаңы чакырыктарга туруштук бере албастыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Анын саясий жашоосундагы бул кескин бурулуш англо-саксон модели дүйнөнү жетектей албаган батыш саясатынын ийгиликсиздигинин үлгүсү катары да каралышы мүмкүн, анткени батыш демократиясынын көп жылдык практикасы маселени чече албайт», — деп жазат газета.

Макалада Британиянын Батыш демократиясынын негиздөөчүсү катары каралаары, олуттуу көйгөйлөр жаралганда алсыз болуп калганы белгиленген.

Эске салсак, 20-октябрда, Элизабет Трасс Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетип жатканын билдирген.

Трасс башында турган Британия өкмөтүнө экономиканы колдоо пландарынан улам болуп көрбөгөндөй сын-пикирлер жааган. Аны ишке ашыруу үчүн өкмөттүн мамлекеттик карызды көбөйтөрү айтылган. Аталган планды парламентке финансы министри Квази Квартенг алып келген, долбоордо салыктарга өзгөчө басым жасалган.

Финансылык абалдан улам өткөн жумада Трасс ишканалардын кирешеден түшкөн салыгын 19 пайыздан 25 пайызга көтөрүү туурасында жарыялаган.

 Өкмөт башчы Консерваторлор партиясынын лидерин шайлоо келерки жумада болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости