www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан келген хирургдар бир жаштагы кыздын мээсинен анын эгизинин түйүлдүгүн алып салышты, деп билдирди Daily Mail.

Ата-энеси кыздын баш сөөгү чоңоюп, кыймыл аракети начарлап жаткандыгынан ооруканага алып барганда кыздын мээсинде 10 сантиметрдей түйүлдүк табылган.

Дарыгерлер түйүлдүктүн үстүнкү буту, сөөктөрү, жада калса тырмактары өсүп калганын белгилешти. Демек, ал наристенин денесинде бир нече ай бою өсө берген. Бул түйүлдүктүн кан айлануу системасы кыздын кан айлануу системасына туташкандыктан мүмкүн болгон.

"Түйүлдүктөгү түйүлдүк" ("плод в плоде") - эгиздердин жатында биригип, бири экинчисинин ичинде физикалык жактан өнүккөн сейрек учурдун медициналык термини. Болгону 200гө жакын "түйүлдүктө түйүлдүк" фактысы катталган. Алар жамбашта, ооздон, ичегиден, табылган. Баш сөөк менен байланышкан 18 гана учур бар, алар көбүнчө ымыркайларда кездешет, бирок чоңдордо да бир нече учур катталган. Түйүлдүктү хирургиялык жол менен алып салгандан кийин бейтаптар, адатта, толугу менен айыгып кетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости