www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кечээ, 24-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Кытайда өтө турган XXXI Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына (Универсиада) катыша турган Кыргызстандын курама командасы менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын курама командасында ар кайсы университеттерден 16 спортчу жана 4 машыктыруучу бар.

Министр Каныбек Иманалиев буга чейин тарыхта Универсиадада ийгилик жараткан улан-кыздар бар экенин айтып, Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына катышуу - бул бир жагынан чоң сыймык болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.

“2013-жылы Казань шаарында бел боо күрѳшү боюнча Нурбек Аканов жана Нурбек Кожобеков 1-орунду алса, 2018-жылы Кытайда жеңил атлетика боюнча Дарья Маслова 1-орунду алган. Эл аралык спорттук аренадагы жеңиштер биздин өлкөгө болгон сыймыктанууну арттырып, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо бекем пайдубал болуп берет. Ар бириңер күжүрмөн эмгек жана аракет менен бул оюндарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алдыңар. “Чэндуда ар бир кыял орундалат” деп Универсиаданын ураанында айтылгандай, силердин дагы кыялыңар орундалып, чемпион аталыңыздар”, - деди ал.

Кытайдын Чэнду шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына кыргызстандык спортчулар спорттун 5 түрү боюнча катышат:

- жеңил атлетика;
- дзюдо;
- стол тенниси;
- таэквондо;
- ок атуу.

Билим берүү жана илим министрлиги Универсиадага студенттердин катышуусу үчүн 1 млн сом бөлүп берди. Бул каражаттар алардын тамак-аш, жатакана жана аккредитациясына жумшалат.

Ошондой эле спортчуларды авиабилет жана атайын спорттук формалар менен камсыздоо үчүн Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан 2 млн сом, Республикалык студенттик федерациясы тарабынан 600 миң сом жумшалды.

Белгилей кетсек, жайкы Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндары 2023-жылдын 28-июлунан 8-августуна спорттун 18 түрү боюнча өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости