www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдагы митингдерге каршы жаңы чаралар көрүлүүдө

Кытай өкмөтү коронавируска каршы кошумча эмдөө жүргүзүүнү чечти. Бул тууралуу Euronews телеканалы билдирди.

Өкмөт муну оорунун кайра күчөгөнү менен байланыштырды. Чечим Пекиндин COVID-19 менен күрөшүүдөгү катаал саясатынын негизи болуп калган чектөөлөргө каршы нааразылык акцияларынан кийин кабыл алынды.

«Биз эч кандай каршы көрсөтмөсү жок жана эмдөө критерийлерине жооп берген адамдарды, өзгөчө улгайган адамдарды COVID-19га каршы эмдөөнү мүмкүн болушунча тезирээк алууга чакырабыз. Калгандардын баары мүмкүн болушунча тез арада кайра эмдөөдөн өтүшү керек», - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Саламаттыкты сактоо департаментинин директору Гуо Янхон.

Ошондой эле Шанхайдын митингчилер болгон аймактарында полиция патрулдары күчөтүлгөн тартипте тазаланууда. Ошол эле учурда Гонконгдогу митингчилер өлкөнүн башка шаарларындагы митингчилерди колдой тургандыктарын билдиришти. Кытай өкмөтү өкмөткө каршы өнөктүккө айланган нааразылык акциялары өлкө боюнча жайылып кеткендиктен, коронавирус менен күрөшүү чаралары жеңилдетилгенин жарыялады.

Эскерте кетсек, Кытайда нааразылык акциялары Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн кийин башталган. 24-ноябрдын кечинде болгон өрттүн кесепетинен кеминде он адам каза болуп, дагы тогуз адам жабыркаган. Күбөлөрдүн айтымында, чектөөлөрдөн улам батирлердин эшиги тосулуп калгандыктан адамдар өрттөн качып кутула алышкан эмес. Кытай өкмөтү бул маалыматты четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости