www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан Кыргызстанга «Торугарт» жана «Эркечтам» аркылуу жүк ташуунун баасы акыркы эки жумада кескин өскөн. Ишкерлердин маалыматына караганда, Топо–Бишкек багытында тариф 35%, Улуу-Чат–Ош багытында 72% жогорулаган.
Баанын өсүшүнө күйүүчү майдын жана тетиктердин кымбатташы, жүктүн көбөйүшү, чек арадагы кезек жана Кытайга бош фуралардын өтүшүндөгү көйгөйлөр себеп катары айтылууда.
Соода-өнөр жай палатасы бул маселени иликтөөнү сурап, Министрлер кабинетине жана УКМКга кайрылды. Мамлекеттик бажы кызматы болсо тарифтерди өзү белгилебей турганын, баа ташуучу, жүк жөнөтүүчү жана алуучунун келишими менен аныкталарын билдирди.