www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынан мототранспорт каражаттарын (мопед, скутер, мотоцикл) мыйзамсыз алып келүүгө байланышкан коррупциялык схеманы аныктады.

ИИМ билдиргендей, мототранспорт жасалма документтерди колдонуу менен алып келинип, бажы төлөмдөрүнөн качуу үчүн кыймылдаткычтарынын көлөмү атайын 49 куб сантиметрге чейин төмөндөтүлгөн. Иш жүзүндө көпчүлүк транспорт каражаттарынын көлөмү 145 куб сантиметрден ашкан.

«Эксперттик уюмдун адистери 2500 сомдон жогорку акчалай сыйлыкка жалган корутунду беришкен.

2024-жылдын августунан 2025-жылдын июлуна чейин бул уюм жалган маалыматтар менен 4388 корутунду чыгарган. Соттук-эксперттик кызматтын расмий корутундусуна ылайык, кыймылдаткычтардын чыныгы көлөмү 147,9 куб см болгон.

Мыйзамсыз алып келинген мототранспорттук каражаттар жөнөкөй схема боюнча, анын ичинде интернет аркылуу Бишкек шаары, Чүй облусу жана башка аймактарда сатылга Мамлекеттик бюджетке келтирилген зы Бөлүшүү млн 158 мин 300 сомду түзүлдү.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле эксперттик уюмдун директору — 1977-жылы туулган Б.Г., уюмдун ээси 1973-жылы туулган К.А. жана эксперт 1979-жылы туулган С.К. кармалып, Бишкек шаарынын райондук соту тарабынан камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда»,- деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости