www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын мурдагы юстиция министри Тан Ицзюнь "пара алган" деп күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылып, бардык жеке мүлкү конфискацияланды. Маалыматка ылайык, сот Тан Ицзюнь 2006-жылдан 2022-жылга чейин мыйзамсыз түрдө 137 миллион юандан ашуун (болжол менен 19,7 миллион доллар) мүлк жана акча каражаттарын коррупциялык жол менен алганын аныктаган.

Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жерлерди кайра сатып алуу, банктык насыяларды берүү жана сот иштерин чечүү сыяктуу маселелерде айрым уюмдарга жана жеке адамдарга артыкчылык түзүп бергени маалымдалды.

64 жаштагы Ицзюнь эмгек жолун Кытайдын чыгышындагы Чжэцзян провинциясында баштаган. Ал бул аймакта 30 жылдан ашуун иштеп, Компартиянын облустук комитетинин төрага орун басарына чейин көтөрүлгөн. Кийинчерээк Ляонин провинциясынын губернатору болуп иштеп, 2020-жылы юстиция министри болуп дайындалган.

Тан Ицзюнга 2024-жылдын апрелинде "тартипти жана мыйзамды олуттуу бузган" деген шек менен тергөө иши ачылган. Бул термин Кытайда адатта коррупциялык кылмыштарга карата колдонулат. Ошол эле жылы ал Кытай Компартиясынын катарынан чыгарылган.

Бул өкүм Кытайдын лидери Си Цзиньпин коррупцияга каршы кеңири кампаниясын улантып жаткан маалда чыгарылды.

Последние новости