www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-январга караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чектешкен аймагында 2 ирет жер титирөө катталды. Бул маалыматты Кыргызстандын Сейсмология институту билдирди.

Саат 02:01деги жер титирөөнүн очогундагы күчү 6 баллга жеткен. Анын очогу Кытайдын аймагында, Какшаал-Тоо тоосунда, Бедел айылынан түштүк-чыгышка 33 чакырымда, Кумтөрдөн түштүк-чыгышка 55 чакырымда, Караколдон түштүк-чыгышка 123 чакырымда жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Бедел айылында 4,5, Ак-Шыйрак, Кумтөрдө 4 баллга сезилди. Саат 04:38де катталган жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жетти. Анын очогу Кытайдын аймагында, Бедел айылынан түштүк-чыгышка 38 чакырымда, Кумтөрдөн түштүкчыгышка 65 чакырымда, Караколдон түштүк-чыгышка 142 чакырымда жайгашты.

Интенсивдүүлүгү Бедел айылында 3 балл, Кумтөрдө 2,5 балл болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости