www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия менен Кытайдын алакасы бузулгус жана бекем бойдон калат, Пекин Москвага толук колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И РИА Новостиге берген маегинде билдирди.
"Кытай менен Россиянын ар тараптуу өнөктөштүгү жана стратегиялык кызматташтыгы эл аралык туруксуздуктун сыноосунан ийгиликтүү өтүп, замандын алдыңкы сабында турат. Алар Тайшань тоосундай бекем жана бузулгус. Биз дипломатиялык жол аркылуу өзүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп жаткан Россияны толугу менен түшүнүп, колдойбуз. Адамзат — бирдиктүү тагдырга ээ коом, ал эми ири державалар тарыхый процесске ылайык иш алып барып, дүйнөнүн бакубатчылыгы үчүн чоң салым кошууга милдеттүү", — деп баса белгиледи Ван И.
Ошондой эле, ал АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Москванын колдоосун алуу менен аны Пекинге каршы тукурууга аракет кылып жатат деген айрым билдирүүлөрдү сынга алды.
"Орусиялык достор да "обратный Никсон" стратегиясы жөнүндө алып-сатарлык кылып, ызы-чуу салган айрым тараптардын аракеттерине көңүл бурушту деп ойлойм. Биз муну эл аралык саясатты түздөн-түз соодалашууга айландыруу гана эмес, эскирген конфронтациондук-блоктук көз караштын кайрадан жанданышы катары баалайбыз", — деди Кытайдын тышкы иштер министри.
Ван И Россияга расмий сапары менен 31-марттан 2-апрелге чейин Кытайдын ТИМ башчысы Сергей Лавровдун чакыруусу менен келди. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги байланыштарды, эки мамлекеттин өнөктөштүгүнүн келечегин жана эл аралык маанилүү маселелерди талкуулашары күтүлүүдө.