www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы тарабынан тоңдурулган жемиштерди өндүрүүчү ишканаларды Кытайга экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү тастыкталганын маалымдайт.
Маалыматка ылайык, тоңдурулган жемиштер Кытай рыногуна GACC (CIFER) системасында каттоодон өткөндөн кийин экспорттолушу мүмкүн. Мында жаңы продукциядан айырмаланып, кошумча карантиндик уруксат талап кылынбайт.
Экспорттоого уруксат берилген продукциялардын катарына тоңдурулган кулпунай, малина, алча, алма, алмурут жана башка жемиштер кирет.
Кыргыз Республикасынан ишканаларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти эсептелет.
Ушуга байланыштуу министрлик ата мекендик ишканаларды каттоодон өтүү жана экспорттук жеткирүүлөрдү даярдоо иштерин активдештирүүгө чакырат.
Министрлик Кытай рыногуна чыгуу боюнча экспорттоочуларга мындан ары да консультациялык колдоо көрсөтөт.